Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Уран Ботобековго Кошмо Штаттар саясий башпаанек бериши ыктымал


Уран Ботобеков
Уран Ботобеков

Бул тууралуу Ботобековдун саясий пикирлештери “Азаттыкка” 28-январда билдирди. Маалыматка караганда, президент Алмазбек Атамбаевдын ар-намысын коргогон Башкы прокуратура жана президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен соттошуп, 2 млн. сом айып пулга жыгылган журналист Дайыр Орунбеков жана активист Уран Ботобековго саясий башпаанек Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги тарабынан сунушталган. Уран Ботобековдун Кыргызстандан чыгып кеткени 27-январда маалым болуп, ал Түркияда экени кабарланган. Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда президент Алмазбек Атамбаевдин өзүн сотко берип, ар-намысына шек келтиргени үчүн 1 сом айып пул талап кылууда. Анын арызы боюнча соттук териштирүү 8-февралда уланат. (AiT)

XS
SM
MD
LG