Бул тууралуу анын коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абылов 28-январда билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаардык соту Келдибековго Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн Москвада ачуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбөлөрдү суроону аяктап, эми экинчи иш боюнча күбөлөрдү суроого өтүүдө.
Экинчи иш Келдибековдун Салык кызматын жетектеп турган мезгилге байланыштуу коррупция беренеси боюнча козголгон жана Биринчи Май райондук соту ал боюнча Келдибековду актаган эле. 28-январда сот тарабынан күбө катары чакырылган салык кызматкери келбей калып, сот 29-январга которулган. (AiT)