Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Жалал-Абадда коммуналдык кызматтарга карыз көбөйдү


Быйыл жыл башына карата Жалал-Абад шаарындагы ичүүчү сууга болгон карыз 7,2 млн сом, газ чарба башкармалыгынын карызы 5,3 млн сомго жетти. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан "Азаттыкка" билдиришти. Тагыраак айтканда, бюджеттик мекемелер сууга 1,2 млн, көгүлтүр отко 3,6 млн сом төлөшү керек. Калган бересе жергиликтүү калкка тиешелүү.

Эски жылга салыштырмалуу аталган мекемелерде дебитордук карыз 3,2 млн сомго өсүп кеткен.

Шаар аймагында расмий эсепте 100 миңдин тегерегинде калк жашайт. Газ колдонуучу кардарлардын саны 13 миңден ашуун. (RsK)

XS
SM
MD
LG