Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Кыргызстандыктар Москвадагы стартап сынагынын жеңүүчүсү


ArtAsian тобунун өкүлдөрү.
ArtAsian тобунун өкүлдөрү.

Москва шаарында мобилдик технологиялар боюнча өткөн регионалдык сынакта Кыргызстандан барган ArtAsian тобу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу катышуучулар өздөрү “Фейсбукта” кабарлашты. Сынакка Кыргызстан, Орусия, Армения, Казакстан, Грузия, Тажикстан жана Өзбекстандан командалар катышты.

Жеңүүчүлөргө 25 миң доллар ыйгарылып, Барселонада өтө турган эл аралык сынакка жолдомо берилди.

Сынакка ArtAsian тобу Борбор Азиядагы кол өнөрчүлөргө арналган интернет-платформа менен катышты. Платформа аркылуу кол өнөрчүлөр буюмдарын сатыкка койсо болот. Англис тилдүү сайт негизинен Батыш өлкөлөрүндө жашагандарга ылайыкташкан.

XS
SM
MD
LG