Борис Немцовдун киши колдуу болуп өлүшү боюнча кылмыш ишин тергөө аяктаганын бүгүн Орусиянын Тергөө комитети билдирди. Заур Дадаев, Анзор жана Шадид Губашевдерге, Темирлан Эскерханов менен Хамзат Бахаевге кылмыштуу топтун курамында жалданып киши өлтүргөн деген айып тагылды.
Комитет заказ берген жана кылмышты уюштурган деп эсептеген Руслан Мухудиновдун ишин андан аркы тергөө үчүн өзүнчө бөлүп карамакчы. Немцовдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын коргогон адвокат Вадим Прохоров Мухудинов “жалданма уюштуруучу” болгон, саясатчыны өлтүрүүгө “чыныгы себептери бар кишилерди табуу керек”, деп билдирди. Маркумдун жакындары аны өлтүрүүгө чечен президенти Рамзан Кадыров жана айланасындагылардын тиешеси бар деп ырасташууда.
Оппозициялык саясатчыны өткөн жылдын 27-февралында Москванын борборунда атып кетишкен.