Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Таш-Көмүрдө оор жүк ташуучу унааны уурдап качкан адам кармалды


Облустук милициянын басма сөз кызматынын кабарлашынча, 19-январь күнү шаар аймагында “МАН” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунааны айдап качты деп шектелген жаран ушул эле шаардын 26 жаштагы тургуну болуп саналат.

Бул окуя боюнча шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаанын ээсине 20 миң доллар материалдык зыян келтирилгени аныкталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары 22 миң долларлык «Субару- Аутбек» үлгүсүндөгү унааны тартып алып, бербей качып жүргөн Сузак районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты да кармалып, азыр сурак берүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG