Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

Жумгалда республикалык хоккей мелдеши өтүп жатат


Бул тууралуу Нарын облустук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Асылбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, учурда Чаек айылында өтүп жаткан бул мелдешке алты команда катышып жатат. Алар Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусунун курама командалары. Бул мелдеш хоккей сүйүүчүлөрүнүн арасында өтүп жаткандыктан улуттук курама команданын оюнчулары катыша албайт. Оюн эртең аяктайт. Мындай беттеш Жумгалда үчүнчү ирет өтүп жатат. Мелдештин уюштуруу иштерин Жумгал райондук администрациясы жана жергиликтүү депутат Автандил Кулбараков өз моюндарына алышкан. (MiK)

XS
SM
MD
LG