Бул тууралуу Орусиянын борбордук мамлекеттик маалымат сайты (ТАСС) жазып чыкты .
Борбордук аскердик округдун аскерлеринин командачысы, генерал-полковник Владимир Зарудницкийдин билдиришинче, быйыл аскердик округда уюштуруучулук-штаттык түзүмдөрдү оптимизациялоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт жана ал чет жакта жайгашкан аскер базаларына да тийиштүү болот. Анын айтымында, 2016-жылы Кыргызстандагы бардык аскердик объекттер биргелешкен түзүмдөгү курамга кирет жана ал Кант авиабазасынын негизинде түзүлөт.
Кант авиабазасы кыргызстандын Чүй облусунда - Кант шаарынан эки километр түштүк тарапта жайгашкан.
Расмиий маалыматтар боюнча Кыргызстанда ижара шартында Орусиянын беш аскердик объектиси бар. Булар Канттагы авиабаза, Каракол шаарындагы торпедалык куралдарды сыноо базасы, Кара-Балта шаарындагы “Прометей” станциясы, Ысык-Көлдүн Ичке-Суу айылындагы Биринчи автоматтык сейсмикалык станция жана Майлуу-Суу шаарындагы Сейсмикалык кызматтын 17-радиосейсмикалык лабораториясы. (AzK)