Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Барак Обама АКШ президенти катары мечитке биринчи ирет барат


Барак Обама
Барак Обама

Ак үйдөн билдиришкендей, иш-чара келе жаткан аптада болот жана бул АКШда мусулмандарга каршы риторика өсүп жаткан маалда диний эркиндикти коргоого жасалган ишаара болмокчу. Обама 3-февралда Балтимор мечитинде ислам жамааты менен жолугуп, сөз сүйлөйт.

Обама мечитке америкалык мусулмандардын АКШнын жашоосуна кошкон салымын белгилеп, америкалык жашоо ыргагындагы диний эркиндиктин маанилүүлүгүн тастыктоо үчүн барганы жатат.

Ал америкалыктарды антимусулмандык билдирүүлөрдөн оолак болууга чакырды. Биринчи кезекте бул сөз АКШнын президенттигине Республикачылардан талапкер Дональд Трампка тийиштүү болду. Трамп буга чейин декабрь айында Сан-Бернардинодо мусулман үй-бүлө тарабынан теракт жасалган соң, мусулмандардын АКШга кирүүсүн чектөөгө чакырган. Ал окуяда 14 киши каза болгон эле (AzK)

XS
SM
MD
LG