Чемпионат 10-21-февралда Өзбекстандын Ташкен шаарында өтөт. Кыргызстандын футбол федерациясынын билдиришинче, азыр кыргыз командасы Москвада машыгууда жана ал 6-февралга чейин созулат.
Чучукулактын жыйынтыгында А тобуна кирген Кыргызстан Өзбекстан, Ливан жана Сауд Арабиясы менен ойнойт.
В тобунда Иран, Ирак, Кытай, Иордания, С тобунда Таиланд, Вьетнам, Тайбэй, Тажикстан, D тобунда Жапония, Австралия, Малайзия, Катар бар. Ар бир топтон экиден мыкты команда чейрек финалда ойношот. Мелдеште мыкты ойногон 5 команда Колумбияда өтө турган Дүйнө чеимпионаты-2016га катышууга укук алат. Кыргызстан Ливан менен 10-февралда, Өзбекстан менен 12-февралда, Сауд Аравия менен 14-февралды ойнойт. (AzK)