Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Сириялык оппозициялык топ Женевада сүйлөшүүлөргө катышары белгисиз


Женевага келген сириялык оппозициялык топ Сириядагы кандуу жаңжалды басууга кызыкдар экенин көрсөткөнү менен Улуттар Уюму уюштуруп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөргө катышары белгисиз.

Сүйлөшүүлөрдүн жогорку комитетинин - СЖК маалымат катчысы Салим ал-Муслат 31-январда Сириянын убактылуу өкмөт өкүлдөрү кирген сүйлөшүүлөрдү баштардан мурда жеринде позитивдүү өнүгүүлөрдү көрүүгө ынтызар экенин журналисттерге 31-январда Женевада туруп атты.

30-январда Эр Рияддан келген Муслат СЖК биринчи кезекте эл аралык коомчулуктун Дамакидеги аялдар менен балдарды өкмөткө караштуу түрмөлөрдөн бошотууга жана эл көп жашаган аймактарга жардам жеткирүүгө канчалык кызыкдар экенин көрүүгө кызыкдар экенин айтты.

Жума күнү Женевада Сириядагы жаңжалды басуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алдындагы кеңешмелер башталды. Ага чейин Швейцарияга президент Башар Асаддын саясий режимине каршы күрөшкөн, курамы 17 саясий жана аскерий топтордун өкүлдөрүнөн турган Сирия оппозициясынын делегациясы келген.

XS
SM
MD
LG