Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

“Газпром” 2017-жылы Бишкекте 22 конушту газдаштырат


Бул туурасында “Азаттыкка” ишкананын директорунун орун басары Мурат Сулайманов билдирди. Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө Бишкектин Керемет, Касым, Көк-Жар өңдүү конуштарында газ түтүктөрү коюлуп жатат.

Буга чейин өкмөт башчы Темир Сариев “Газпромдун” өлкөнү газдаштыруу боюнча инвестициялык программасы ишке ашпай калышы мүмкүн экенин эскерткен. Буга жаңы конуштардын даяр газга караганда, электр энергиясын пайдалануусу себеп болуп жатканын айткан. “Газпром” Кыргызстанга убада кылган бардык милдеттенмелерин так аткарып жатканын белгилеген.

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60 пайызын газ менен камсыздарын айткан. Келечекте 411 айыл же 911 миң кожолук газдаштырылышы керек. Бул үчүн “Газпром” 2 750 чакырым газ түтүгүн төшөөрүн билдирген. (AzK\UEz)

XS
SM
MD
LG