Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Oxfam бир катар өлкөлөрдү сынга алды


Сирияда төрт жылга созулган куралдуу жаңжалда 250 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.
Сирияда төрт жылга созулган куралдуу жаңжалда 250 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Oxfam эл аралык кайрымдуулук уюму Сириядагы жаңжалга кийлигишип жаткан бир катар өлкөлөрдү анын ичинде Орусияны төрт жылга уланган согуштан жабыркагандарга жетиштүү жардам бербегени үчүн кескин сынга алды.

Бүгүн жарыяланган уюмдун баяндамасында Орусия, Сауд Арабия жана Франция эң аз каржы жардамын көрсөткөн өлкөлөр катары белгиленген.

Уюм бардар өлкөлөр көрсөткөн каржылык жардамдын өлчөмү, алардын экономикасына жараша бөлүнгөн каражаттан аз экенин билдирүүдө.

Маселен, Орусия үлүштүн бир пайыз гана жардамын көрсөтсө, Сауд Арабия 28 пайызын гана аткарган. Аталган мамлекеттердин бири да сириялык качкындарды кабыл алуу ниетин көрсөткөн эмес.

Ошол эле тапта Эр-Рияд Сирия бийлигине каршы согушуп жаткан козголоңчулар топторуна аскерий жардам берүүдө. Ал эми Москва расмий Дамаскиге колдоо көрсөтүп, козголоңчуларга каршы аба соккуларын жүргүзүүдө. Лондондо 4-февралда өтө турган донорлор жыйынын утурлай чыгарган баяндамада Oxfam өлкөлөрдү Сирияга көрсөткөн жардамдын көлөмүн көбөйтүп, Сирияда катталган качкындардын 10 пайызын кийинки жылга чейин башка өлкөлөргө көчүрө турууга чакырды.

XS
SM
MD
LG