Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Аба ырайы


Кыргызстанда 2-февралда кээ бир райондордо бир аз кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн-8...-13, күндүз 0...5,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6,

Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...2,

Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз-5...-10 суук болот.

Бишкекте 2-февралда түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7 градус, күндүз 3...5 градус болот.(AzK)

XS
SM
MD
LG