Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Велаяти: Иран менен Орусия эң таасирдүү өлкөлөр


Ирандык жогорку руханий лидери Али Хаменеинин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти.
Ирандык жогорку руханий лидери Али Хаменеинин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти.

Ирандык жогорку руханий лидери Али Хаменеинин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Москвага жогорку даражадагы бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга жана саясий жыйынга катышуу үчүн келди.

Ирандын маалымат каражаттары кабарлагандай, Али Акбар Велаяти орус кесиптештери менен глобалдык көйгөйлөр, аймактык кызматташуу жана коопсуздук суроолору боюнча бир катар маселелерди талкуулайт. Дипломат Орусиянын стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан чакырылган.

Сапарга жөнөп жатып Велаяти Орусия менен Иран тынчтыкты орнотууда жана эл аралык байланыш менен аймактык кызматташууда жагымдуу атмосфера түзүп берүү үчүн чоң роль ойной аларын белгиледи. Ал ошондой эле Иран менен Орусияны дүйнөдөгү жана аймактагы эң таасирдүү мамлекеттер деп атады. Велаяти өткөн жылдын башында да Ирандын президенти Хасан Роуханинин атайын чабарманы катары Москвага келип кеткен.

XS
SM
MD
LG