Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Кара-Балтада “Газпромдун” инкассатор машинеси тонолду


Кара-Балта шаарында “Газпром Кыргызстан” ишканасынын каражатын ташыган унааны белгисиз кишилер тоноп кетти. Окуя бүгүн кечки саат бештерде болгонун “Азаттыкка” милициядагы өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка караганда, жол кайгуул кызматкерин кийимин кийген кишилер “Жигули” унаасында инкассатор машинесин токтотушкан. Андан соң кызматкерлерди тоноп, акчасын алып кетишкен. Акчанын суммасы жана жабыркагандар тууралуу маалыматтар ачык айтыла элек. Окуяны күч органдары териштирип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG