Кара-Балта шаарында “Газпром Кыргызстан” ишканасынын акчасын ташыган унааны тоноп кеткендерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук милициянын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов кабарлады.
- Инкассатор машинада бир эле адам болгон. Анын жамбашына ок тийип, ошол маалда ооруканага жеткирилди. Анын эмнеге жалгыз болгону териштирүүдө аныкталат.
1-февраль күнү кечке жуук аталган ишкананын инкассатор унаасын милициянын формасын кийген белгисиз кишилер тоноп кеткен. “Жигули” менен келип акча ташыган машинаны токтоткондор 1 млн. 250 миң сомду алып кеткен. (SE/КЕ)