Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Атамбаев Түштүк Корея президентин Кыргызстанга чакырды


Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе.
Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе.

Президент Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хени туулган күнү менен куттуктады. Мамлекет башчы куттуктоо телеграммасында Кореяны маанилүү өнөктөш катары белгилеп, пайдалуу кызматташтыкты арттырууга Кыргызстан даяр экенин белгиледи.

Атамбаев кыргыз-корей алака-катышындагы жылыштарды колдоо жана соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу максатында Пак Кын Хени Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырган. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG