Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

KG үлгүсүндөгү унаа номурлары жок кылынат


KG үлгүсүндөгү унаа номурлары
KG үлгүсүндөгү унаа номурлары

Мамлекеттик каттоо кызматы аткаминерлер буга чейин пайдаланган KG үлгүсүндөгү унаа номурларын жок кылат. Бүгүн Транспортторду каттоо департаментинин имаратында номурлар журналисттердин катышуусунда темир кескич кайчыларда майдаланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов билдирди:

-Парламенттеги 120 депутаттардыкы жана өкмөттөгү чиновниктердики кошулуп 150дөй номур бар.

Жогорку Кеңеш жакында KG сериясындагы номурлардан баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алып, аны аткарууну өкмөткө жүктөгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG