Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Москвада өрттөнгөн цехти иштеткен кыргыз жаранына кылмыш иши ачылышы мүмкүн


Өрттөлгөн фабрика.
Өрттөлгөн фабрика.

Москвадагы кыргыз консулдугунун юристи Мурзапаяс Карагулов 10 кыргызстандык каза тапкан цехтеги өрттүн себептерин аныктоо боюнча тергөө иши көпкө созулаарын билдирди. Каза тапкан жарандардын Кыргызстандагы жакын туугандары Москвага шейшемби күнү учуп барышты. Адистердин айтымында,тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп, иликтөө комитети бир тыянак чыгармайынча сөөктөрдү Кыргызстанга алып кете алышпайт.

Имаратта өрттүн бир нече очогу аныкталгандыктан, Орусиянын Иликтөө комитети “мүлктү атайлап жок кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

31-январга караган түнү Стромынка көчөсүндөгү тигүү цехте өрт чыгып, кыргызстандык жана өзбекстандык 12 адам каза болгон. Өрттө аман калган үч кыргызстандык жаран учурда жабыралуунучу жана башкы күбөлөр катары Иликтөө комитетинде суракта.

Тергөөнүн жүрүшүндө дагы жаңы кылмыш иштери ачылышы мүмкүн экени айтылууда. Цехти ижарага алган кыргызстандык жаран жумуш ордунда коопсуздукту камсыздабаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы ыктымал.

Стромынка көчөсүндөгү 25-имарат өрт болгон күндөн бир күн мурун ЦИАН кыймылсыз мүлк агентигинде сатыкка чыгарылып, 370 миллион рублга бааланганын орусиялык РБК маалымат агенттиги кабарлады. (LzT)

XS
SM
MD
LG