Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:57

Пентагон "Орусия агрессиясына" каршы турууга 3,4 миллиард доллар сурап жатат


АКШ -- Эш Картер, коргоо министри.

АКШ коргоо министри Эш Картер Пентагон "Орусия агрессиясына" каршы турууга 2017-жыл үчүн быйылкыдан төрт эсе көп каржы, 3,4 миллиард доллар сурап жатканын билдирди. "Биз Европада НАТО боюнча шериктештерибизди колдоону чыңдайбыз", - деди Картер 2-февралда Вашингтондо сүйлөп жатып. Анын айтымында, бул каражат Еврпадагы союздаштар менен биргелешкен машыгууларды өткөрүү, инфраструктураны оңдоо сыяктуу иштерге жумшалат.

Картер Пентагондун бул бюджеттик суроосу Конгресс менен болгон мамлекеттик бюджет тууралуу былтыркы келишимге шайкеш келерин коушмчалады.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG