Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Соцкызматкерлер балдар менен иштөөнү үйрөнүштү


Жергиликтүү жана аймактык мекемелердин 400гө жакын кызматкери оор турмушта жашаган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо жолдорун үйрөнүштү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Кызматкерлерди окутуу Баткен, Ош, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарында өткөрүлдү.

Укук коргоочулар үй-бүлөдө кордук көргөн, жакындарынан запкы жеген балдар азайбай жатканына тынчсызданууда. Алар социалдык кызматкерлер үйлөрдү кыдырып, зомбулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилеп келишет.

Жыл башында төрт жана алты жаштагы бир туугандардын ата-энеси балдарын сабап-кордогон чоң энесин жазалоону өтүнүп милицияга арыз жазышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG