4-февралда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кыргыз тоо кыркаларында бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз 4...9,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 7...12,
Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз 6...11,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -3...-8 суук болот.
4-февралда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6 градус суук, күндүз 6...8 градус жылуу болот. (КЕ)