Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Ошто былтыр 50 адам өз жанын кыйган


2015-жылы Ош облусу боюнча өз жанын кыйган 50 учур катталган. Алардын 15и өспүрүмдөр. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

- Былтыр Ош шаарында 33 суицид фактысы катталды. Алардын 20сын аялдар түзөт. Өз жанын кыйгандардын бири жаш бала. Суицидге барган өспүрүмдөрдүн теңинен көбүнүн ата-энеси Орусияда же Казакстанда иштейт.

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарды. Ага мектеп рекетчилиги, үйдөгү тарбия, чоңдордун балдарга жасаган мамилеси же аларга көңүл бурулбай калгандыгы, зомбулук себеп болушу ыктымал экени айтылат. (КЕ/YI)

XS
SM
MD
LG