Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Египеттин соту өлүм жазасы боюнча массалык өкүмдөрдү жокко чыгарды


Өлүм жазасы боюнча массалык өкүмдөргө каршы нааразылык акция. Каир, 19-июнь, 2015-жыл.
Өлүм жазасы боюнча массалык өкүмдөргө каршы нааразылык акция. Каир, 19-июнь, 2015-жыл.

Соттун бүгүнкү чечимине ылайык, исламчыл президент Мохаммед Мурси бийликтен кулатылгандан кийин 11 полициячынын өлүмүнө байланыштуу айыпталган 149 кишиге берилген өлүм жазасы жокко чыгарылды. Эми айыпкерлердин иши кайрадан каралат.

Соттун кылмышка шектүүлөрдү өлүм жазасына массалык түрдө кескен өкүмү былтыр майда чыкканда эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Эл аралык коомчулуктун сынына өкмөт мурдагы президент Мурсинин “Мусулман агайындвр” кыймылынын жактоочуларын жапырт куугунтуктап жатканы да түрткү берген. Египет соту былтыр ошондой 37 кишини өлүм жазасына сырттан кескен. Иштин кайра каралуусу үчүн алар оболу бийликтин колуна түшүп бериши керек.

Бул сот иштери исламчыл президент Мохаммед Мурси 2013-жылы июлда бийликтен армия тарабынан кулатылгандан кийинки окуяларга байланыштуу.

Он бир полициячы борбор Каирде полиция имаратына кол салынганда мерт болгон. Анын алдында Мурсинин жактоочуларынын нааразылык акциясы күч менен таратылганда жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG