Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Эл аралык шайлоо күнүнө карата БШК майрамдык жыйын өткөрөт


Эл аралык Шайлоо күнүнө карата Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн майрамдык жыйын өткөрөт. Аталган мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары менен студенттерге шайлоо жана добуш берүүнүн мааниси тууралуу тренинг уюштурулуп, жаңы жабдыктарды иштөө шарттары тааныштырылат. БШКнын тарыхына жана шайлоо укугуна байланыштуу таратма маалыматтар берилип, соңунда имаратка экскурсия жасашат.

Эл аралык шайлоо күнү 2005-жылдан бери белгиленет. Ал жылы Будапештте шайлоо уюштуруучулардын жалпы дүйнөлүк жыйыны болуп, февралдын алгачкы бейшембисин Шайлоо күнү деп белгилөө чечими кабыл алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG