Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Ренд Пол АКШ президенттигине ат салышпай турган болду

Ренд Пол.
Ренд Пол.

Кентукки штатынан мамлекет башчылыкка талапкерлигин койгон республикачы-сенатор Ренд Пол президент болуу ниетинин кайтып, талапкерлигин алып  салганын жарыялады.

Айово штатында 1-февралда талапкерлер боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоодо ал бешинчи орунду ээлеген. Элдин көбү Техас штатынан талапкерлигин койгон Тед Крузду колдоорун билдиришкен. Аны сурамжылоого катышкандандардын дээрлик 28% жактаган. Экинчи тепкичке 24% менен миллиардер Дональд Трамп чыккан. Үчүнчү орунга Флорида штатынан талапкер Марко Рубио, төртүнчү катарга Бен Карсон жайгашкан. Ал эми Ренд Полду колдойм дегендердин добушу 5% жеткен эмес.

Флориданын муруңку губернатору, экс-президент Жорж Буштун бир тууганы Жеб Буш алтынчы орунду ээлеген.

АКШда президенттик шайлоо быйыл күзүндө болот.

XS
SM
MD
LG