Түрк өкмөтү 15-февралдан тарта орусиялык журналисттерге виза режимин киргизерин жарыялады. Бул тууралуу Анкаранын Москвадагы элчилигине таянып “Свобода” радиосу кабарлады.
Москва быйыл 1-январдан Анкара менен визасыз режимди жокко чыгарган.
2015-жылдын 24-ноябрында Түркия менен Сириянын чектеш аймагында аба мейкиндигин бузду деген негизде орусиянын аскерий учагын түрк тарап атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси кескин сууп кетти.