Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, белгилүү акын Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар кыштагында төрөлгөн. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга кетип, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда кызмат өтөгөн.
Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн.
Былтыр Жусуевдин 90 жылдык мааракеси Бишкектеги Улуттук филармонияда өткөн. (КЕ)