Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 09:17

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мандатынан ажыраган “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Урмат Ишенбеков сотко кайрыла элек. Ал БШКнын чечими менен толук таанышкан соң үч күндүн ичинде сотко кайрылар-кайрылбасын чече турганын “Азаттыкка” билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-февралдагы жыйынында депутат Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ага БШКнын 8 мүчөсү колдоп, экөө каршы добуш беришкен.

БШК 11-январдагы жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде фракция мүчөлөрү Чолпон Эсенаманова жана Элмира Жумалиеваны мандатынан ажыраткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG