5-февралда түнкүсүн Кыргыз тоо кыркаларында жана Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11,
Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 6...11,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 7...12,
Баткенде түнкүсүн -1...-6, күндүз 6...11,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 2...7 градус болсо,
Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -3..-8 градус суук болот.
5-февралда Бишкек шаарында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2 градус суук, күндүз 8…10 градус жылуу болот. (КЕ)