Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Сирияда орус аскерий кеңешчиси набыт болду


Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Окуя биринчи февралда болгонун бүгүн Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, маркум сириялык аскерлерге жаңы куралды үйрөтүп жаткан маалда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун базага жасаган чабуулунан мерт кеткен.

Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул маалыматты ырастап, орусиялык аскерлер Сириядагы аскерий операцияларга катышпастыгын, болгону машыктыруу жаатында иш алып бараарын баса белгиледи. Песков өлтүрүлгөн аскерий кеңешчинин ысымын атоодон баш тартты.

Орусия Сирияга аба соккуларын өткөн жылдын сентябрь айында баштаган. Андан бери үч аскери набыт кетти.

XS
SM
MD
LG