Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

БУУ Жулиан Ассанждын эркиндигин чектөөнү мыйзамсыз деп тапты


WikiLeaksтин негиздөөчүсү Жулиан Ассанж.
WikiLeaksтин негиздөөчүсү Жулиан Ассанж.

БУУнун атайын комиссиясы WikiLeaksтин негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын эркиндигин чектөөнү мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу Швециянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

“Алардын жумушчу комиссиясы Ассанждын кармалышы негизсиз жана эл аралык макулдашууларга карама-каршы келет деген жыйынтыкка келди” –деди Рейтерске берген маегинде Швециянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Катарин Берейнис Рослунд.

Мурдараак Ассанж эгер БУУ анын кармалышын мыйзамдуу деп тапса, британ полициясына өзү барууга даяр экенин билдирген.

44 жаштагы Ассанж төрт жылдан бери Швеция бийлигине экстрадицияланып кетүүсүнөн качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашырынып келет. 2010-жылы Швеция прокуратурасы Ассанжга Wikileaksте иштеген ыктыярчы аялдарды зордуктады деген айып таккан. Ассанж ага тагылып жаткан айыптардын саясий өңүтү бар деп эсептейт.

Кечээ Эквадордун тышкы иштер министри Рикардо Патино Ассанждын саламаттыгы үчүн тынчсызданып жатканын айтып, аны кабыл алууга дагы деле даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG