Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Таластагы окуучунун өлүмү иликтенүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Облустук милициянын маалыматына караганда, 3-февралда 7-класстын окуучусу өзүн асып алган. Окуя болжол менен кечки саат 5-6лар чамасында болгон. 14 жаштагы баланын өз жанын кыйышына эмне себеп болгону учурда иликтенүүдө.

Социалдык кызматкерлер баланын жашаган жерине барып, окуянын себептерин сураштырууга аракет кылышты. Алдын ала маалыматка караганда, өз жанын кыйган баланын энеси жок болгондуктан аны атайын адистешкен лицейдин мугалими өз камкордугуна алган.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, анда Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарган.(КЕ/SS)

XS
SM
MD
LG