Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

“Республика Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеши жыйынга чогулат


Бүгүн “Республика Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеши жыйынга чогулуп, ички маселелерди талкуулайт. Жыйын жабык өтөт. Партиянын саясий кеңешинин өкүлү Нурлан Шакиев аймактардагы мүчөлөрдүн сунушу менен “атажуртчулар” жергиликтүү шайлоолорго өз алдынча барарын “Азаттыкка” билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги аталган фракция мүчөсү Мирлан Жээнчороев партиялардын бөлүнүп шайлоого катышары боюнча азырынча сөз жок экенин “Азаттыкка” билдирди. Эгер жыйында бул маселе козголсо, саясий кеңеште талкууланат.

“Ата-Журт” партиясы 2010-жылы түзүлгөн. Анын лидери Камчыбек Ташиев. Былтыр Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясына кошулуп, парламенттик шайлоодо "Республика Ата-Журт" партиясы катары ат салышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG