Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Европада Зика вирусу биринчи ирет боюнда бар аялдан табылды


Зика вирусу тарап жаткан Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүндө чиркейлерди жок кылуу аракети да көрүлүүдө.
Зика вирусу тарап жаткан Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүндө чиркейлерди жок кылуу аракети да көрүлүүдө.

Испанияда боюнда бар аялдан Зика вирусунун табылышы Европада мындай учурдун биринчи ирет катталышы болду.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жарыясына караганда, Зика вирусу табылган аял жакында Колумбиядан кайтып келген. Ал илдетти ошол өлкөдөн жуктургандай.

Эки күн мурда АКШда Зика вирусун жуктурган алгачкы адам катталганы расмий айтылган. Медициналык анализдер Техас штатынын тургуну илдетти Зика вирусу бар аймакка барып келген адам менен жыныстык байланышта болгон соң жуктуруп алганын көргөзгөн эле.

Ушул дүйшөмбү күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Зиканы ал чыккан Түштүк жана Борбордук Америка аймагы үчүн эле эмес, жалпы дүйнө үчүн глобалдык коркунуч деп атаган.

Америка континентинин кеминде 26 өлкөсүндө катталган Зика вирусуна каршы вакцина же аны дарылоонун жолу азырынча табыла элек. Вирус эң көп жайылган өлкө - Бразилиия вакцина ушул жыл ичи иштелип чыгат деп үмүттөнүүдө.

Башаты чиркейлерге барып такалган Зика вирусу же микроцефалия балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп, мээсинин өспөй калышына себепчи болот. (UE)

XS
SM
MD
LG