Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Кыргыз эл акыны Жусуевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү


Cооронбай Жусуев.
Cооронбай Жусуев.

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык, мамлекет башчынын социалдык коргоо жана колдоо фондунан Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын ээси, белгилүү акын Сооронбай Жусуев 4-февралдын таңында 91 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Маркумду акыркы сапарга узатуу тажыясы 6-февралда Т. Абдымомунов атындагы улуттук кыргыз драма театрында өтөт. (KE)

XS
SM
MD
LG