Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Түркия премьер-министри Казакстанга келет


Ахмед Давутоглы.
Ахмед Давутоглы.

Ахмед Давутоглы Астанадагы эки күндүк сапарын бүгүн баштоодо жана иш сапар Түркия менен Орусиянын мамилеси чыңалып, эки өлкө тирешип турган учурга туш келүүдө.

Казак президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ахмед Давутоглы президент Нурсултан Назарбаев менен соода, энергетика жаатындагы кызматташтык жана “айрым маанилүү эл аралык маселелерди” талкуулайт.

Түркия премьер-министри Казакстанга Москва менен Анкаранын мамилеси "кансыз согуш" учурунан берки эң начар абалга түшкөндөн бери алгач келүүдө.

Түркия менен Орусия мамилесинин бузулушунда былтыр ноябрда Сирия - Орусия чек арасында орусиялык аскерий учактын кыйрашы себеп болгон.

Анкара орус учагы эскертүүлөргө карабай аба мейкиндикти бузду деп санаса, Москва ал атайлап атып түшүрүлдү деп эсептөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG