Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:15

Өткөн жылы Бишкекте төрт киши өмүр бою кесилди


Ал эми 48 киши мунапыс менен бошотулган. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, 2015-жылы Бишкек шаарындагы төрт райондук сотто кылмыш иштери боюнча 26 миң 394 соттук териштирүү болгон. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 16,4% аз деп айтылат маалыматта. Ошондой эле Бишкек шаар соту чыгарган чечимдердин 67,5% Жогорку Сот күчүндө калтырган. Калганын өзгөрткөн жана жокко чыгарган.

Бишкектеги райондук соттун судьясы бир айда 70тен ашуун сот иштерин карайт. Өткөн жылы жалпысынан 1 миң 818 кишинин иши каралган. Анын ичинен төртөө өмүр бою абакка кесилген. Ал эми 1022 киши ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган. Калгандарына түрдүү административдик жана акчалай айып салынган.

Кыргызстанда өлүм жазасы 2007-жылы өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG