Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Урмат Ишенбековдун мандатына байланыштуу сот 8-февралда уланат


Урмат Ишенбеков
Урмат Ишенбеков

Биринчи Май райондук соту 6-февраль күнү “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Урмат Ишенбековду депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу БШКнын чечимин карады. БШКнын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган депутат Урмат Ишенбеков доо арызында “фракция мени депутаттык мандаттан ажыратууга укугу жок, бул БШКнын укугу” деп билдирген.

Урмат Ишенбековдун мандаты боюнча соттук териштирүү дүйшөмбүдө улантылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-февралдагы жыйынында депутат Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Бул чечимди БШКнын сегиз мүчөсү колдоп, экөө каршы добуш беришкен.

Ал эми 11-январда Боршайком “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде фракция мүчөлөрү Чолпон Эсенаманова жана Элмира Жумалиеваны мандатынан ажыраткан эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG