Ооган бийлигинин маалымдоосуна караганда, Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясында балдарды полиомелитке каршы эмдеп жүргөн үч киши өлтүрүлгөн.
Жергиликтүү бийликтин маалымат катчысы Абдул Гани Мусамимдин 7-февралдагы маалымдоосуна караганда, үч кишинин сөөгү 6-февралда Кунар провинциясынын Газиабад районунда табылды. Алар эки жума мурун жоголуп кеткен эле. Полиомелитке каршы эмдөөчүлөр Ооганстан жана Пакистанда такай кол салууларга туш болот.
Логар провинциясында 7-февралда жолго коюлган бомбанын жарылуусунан ооган полициясы каза тапты. Дагы бир жардыруудан жергиликтүү сот кызматкери жарадар болгону кабарланды. (AiT)