“Тарых жана маданият жылына” карата 15-февралдан 18-февралга чейин Кувейт борбору Эль-Кувейт шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Иш-чаранын алкагында фольклордук-этнографиялык топтун таланттары, бийчилер жана ырчылар барып, өнөр тартуулашат.
Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык, 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. (ZA)