Токмок шаардык кеңеши өзүн өзү таратканы тууралуу маалыматты кеңештин төрагасы Раул Таманбаев четке какты. Ал депутаттардын мөөнөтү аяктаганына карабай, иштеп жатканын “Азаттыкка” билдирип, келерки шайлоого чейин жумуш уланарын кошумчалады:
-Тараган жокпуз. Мартта шайлоо өтүшү керек. Президенттин буйругу жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо күнү белгиленүүгө тийиш.
31 депутаты бар Токмок шаардык кеңешине акыркы шайлоо 2012-жылдын 4-мартында болгон. Бүгүн эл өкүлдөрү өзүн таратканы тууралуу кабар тараган. (SE)