Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Таласта паракорлукка шектелген дарыгер үй камагына чыгарылды


Талас облустук соту пара менен кармалган дарыгер Умар Сураповду үй камагына бошотту. Сот отуруму бүгүн болду.

Талас райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Сурапов быйыл 1 февралда оорулуулардын биринин жолдошу Медеркан Ибраимовдон 11 миң сом пара алып жаткан учурда колго түшкөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Пара алуу” беренелери менен кылмыш иши ачылганын облустук милициядан кабарлашкан.

Дарыгердин үстүнөн сотко арыз жазган Ибраимов “Азаттыкка” билдиргендей, ал акча табуу үчүн мал сатып, насыя алган. Бирок сот аны үй камагына чыгарганына нааразы болуп, эми Жогорку Сотко кайрылууну көздөп жатат.

Сурапов бул боюнча комментарий бере элек. (SS)

XS
SM
MD
LG