Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Түркия качкындарды чек арадан тосту


Түркия-сирия чек арасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Cирия -Түркия чек арасында жаңы топтолгон качкындар. 8-февраль, 2016-жыл.

Анкарада Түркия менен Германиянын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Бул максатта түрк борборунда бүгүн немис канцлери Ангела Меркел жүрөт. Былтыр мигранттарды эң көп кабыл алган Германия өкмөт башчысынын Анкарага сапары Сириядан Түркияга качкындардын жаңы толкуну агылган кезге туш келди.

Түрк бийликтеринин айтымында, соңку күндөрү алардын Сирия менен чек арасына жаңыдан келген качкындардын саны 35 миңге чейин жетти:

- Акыркы 48 саатта 30-35 миңдин тегерегинде адам келди. Азыркы учурда аларды Түркияга киргизүүнүн зарылдыгы жок. Эгер адаттан тыш кырдаал жаралса, губернатор катары менин кеңсем жана Түркиянын өкмөтү акыркы эки жылда бул үчүн зарыл чаралардын баарын көрдү. Бирок азыркы учурда буга эч муктаждык жок. Алар керектүү нерсенин баары менен камсыз болду, - деп ырастады Түркиянын Сирия менен чектеш Килис провинциясынын губернатору Сулейман Тапсыз.

Алепподон качкандар, 7-февраль, 2016-жыл.
Алепподон качкандар, 7-февраль, 2016-жыл.

Сириялык качкындардын бул жаңы толкунун, губернатор айткандай, Түркия бийликтери өлкө аймагына киргизген жок, бирок чатыр лагерди чек аранын Сирия тарабына уюштуруп, качкындарга тамак-аш жеткирүүдө:

- Биз лагерге балдар менен келдик, арабызда бир айлык наристелер да бар. Биздин Түркияга баш корголоп, баш паанек сурап жатканыбыз, президент Режеп Тайып Эрдоган сириялыктар бир туугандарыбыз деп айткан. Ал бизди таштабай эшигин ачышы керек. Бул адамдардын башка барар жери жок, үйүнө кайта алышпайт,- деди сириялык Мухаммед Идрис ысымдуу качкын Рейтердин кабарчысына.

Түрк өкмөтүнүн вице-премьери Нуман Куртулмуш ушул дем алыш күндөрү телеканалдардан сүйлөгөн учурунда белгилегендей, Түркия “качкындарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн эң жогорку чегине жетти. Бирок муну токтотуп коё албайт, Анкара качкындарды өлүмгө буйрубайт”,- деп ырастады вице-премьер.

Алеппону курчоо аракети

Качкындардын жаңы толкуну Түркияга Алеппо шаарынан жана анын айланасынан келди. Түрк бийликтери Алеппонун айланасында Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө абадан колдоо көргөзгөн орус учактары “Ислам мамлекети” тобун эмес, президент Башар Асаддын режимине каршы оппозицияны жана жөн-жай тургундарды жапырт бомбалаганын өткөн бейшембиден бери эле айтып жатышкан.

Премьер-министр Ахмед Давутоглы донор өлкөлөрдүн Сирия боюнча Лондондогу конференциясында сүйлөгөн учурунда Асаддын режими менен катар Орусияны согуш кылмыштары үчүн айыптаса, президент Режеп Тайып Эрдоган Африкада иш сапарда жүргөн жеринен буларды белгилеген болчу:

- Орусия Сириянын ичинде өлтүрүлгөн адамдар үчүн жоопкерчилик тартышы керек. Алар Асаддын режими менен кызматташып өлтүргөн адамдардын саны 400 миңге жетип калды. Орусия азыр Сирияда Тартустагы деңиз базасын жана Латкиядагы аба базасын ээлеп турат. Бул Асад үчүн кичинекей мамлекет куруп берүү далалаты.

Орусия болсо мурдагыдай эле Сирия армиясынын террорчуларга каршы чабуулуна гана колдоо көргөзүүдөбүз деп ырастоодо.

Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Шаар району. 4-февраль, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Шаар району. 4-февраль, 2016-жыл.

Түрк бийликтери ошондой эле акыркы күндөрү Алеппо шаары менен Түркиянын ортосундагы логистикалык коридор үзүлүп калганын, бул ачарчылыкка, гуманитардык кыйроого алып барарын эскертишкен.

Түркия чек арасынан түштүктө 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Алеппо шаары буга чейин эле өкмөт жана оппозиция көзөмөлдөгөн эки бөлүккө ажырап калган.

Былтыр күздө Орусия аба соккуларына киришкенден кийин Сирия аскерлери жана анын өнөктөштөрү Алеппонун түштүгүн карай козголоңчуларга, ал эми чыгышын карай “Ислам мамлекети” тобуна каршы ири чабуул баштаган болчу.

Соңку күндөрү Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппону толук курчоого алуу максатындагы чабуулун күчөткөн.

Меркелдин Анкарага сапары

Сириялык качкындардын жаңы агымына тушташ бүгүн Анкарада былтыр Евробиримдикте мигранттарды эң көп кабыл алган Германиянын канцлери Ангела Меркел жүрөт. Ал түрк бийликтери менен сүйлөшүүлөрдө дал ушул миграция кризисин жөнгөрүү, мигранттардын аткезчилик эмес, легалдуу жол менен өтүшүн камсыздоо маселелерин талкуулоо үчүн келген.

Түрк премьери Ахмед Давутоглы жана Ангела Меркел. Анкара, 8-февраль, 2016-жыл.
Түрк премьери Ахмед Давутоглы жана Ангела Меркел. Анкара, 8-февраль, 2016-жыл.

Былтыр ноябрда Брюссель менен Анкара азыр Түркияда башпаанектеп жаткан 2,5 миллиондой сириялык качкындын Түркиянын аймагындагы турмуш-тиричилиги үчүн Евробиримдик 3,3 миллиард доллар бөлүп берүүсүн караган келишимге жетишкен эле. Ал каражаттын эсебинен Түркия качкындарды өз аймагына кармап турмак. Бирок жыл башынан бери эле Түркиядан Евробиримдиктин аймагы - Грекияга деңиз аркылуу 40 миңден ашуун качкын өттү.

Түрк премьери Ахмед Давутоглы бүгүн Анкарада Ангела Меркел менен жолуккан соң Германия менен Түркия Алеппого чабуулду токтотуу үчүн дипломатиялык багытта биргелешкен иш жүргүзөрүн, ал жактан качып келип жаткан сириялыктар өлкө аймагына зарылчылык жаралган учурда киргизилерин билдирди.

Бул аралыкта Германиядан башат алган ПЕГИДА же "Патриот европалыктар Батыштын исламдашуусуна каршы" кыймылы ушул дем алыш күндөрү мигранттардын келишине каршы нааразылык акцияларын Дрезден, Прага, Варшава шаарларында уюштурушту.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG