Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

“Кремлдин банкири” аталган Пугачев Британияда айыптуу деп табылды


Орусиялык олигарх Сергей Пугачев финансылык мыйзам бузуулар боюнча Британияда соттун отурумуна келбей коюп, сотко урмат көрсөткөн жок деп табылды. Бул үчүн ал абакка кесилиши мүмкүн. Орусияда Пугачев “Межпромбанкты” атайын кудуретсиздикке учуратып, миллиард доллардан ашуун каражатты сыртка чыгарып кеткен деп айыпталып, эл аралык издөө жарыялаган.

Дүйшөмбү күнү судья Вивьен Роуз чыгарган чечимде Пугачев коюлган 17 киненин ичинен 12си боюнча айыптуу деп табылды. Анын ичинде соттун тыюу салуусуна карабай Британиядан чыгып кеткен, сотко телефон, электрондук почтасы тууралуу маалымат берген эмес деп айыпталды. Судья Пугачевго кандай жаза колдонууну 11-февралда чечет.

Сергей Пугачев Орусияда саясий куугунтукка байланыштуу мүлкүнөн ажыратылганын билдирип келатат. Ал француз жараны болгондуктан, Францияда экени кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG