10-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7,
Талас жергесинде -7...-12, күндүз -4...-9,
Баткен облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...-7,
Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -10...-15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -12...-17 градус суук болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн -7…-9, күндүз -3…-5 градус суук болот.