Эл аралык валюта кору Украинанын азыркы өкмөтүнүн тагдыры чечилмейинче, өлкөгө бөлүнгөн каражатты кармап турат, - деп билдирди 8-февралда финансы министри Наталия Яреско жергиликтүү телеканалга. Өктөн жумада экономика министринин кызматтан кетиши Украинаны саясий кризиске кептеди жана эл аралык кредиторлор менен алакаларына көлөкө түшүрдү.
Арсений Яценюк баштаган өкмөттүн рейтинги төмөндөгөн сайын кабинеттеги өзгөрүүлөр тууралуу кептер көбөйдү. Февралдын орто ченинде ошондой эле өкмөткө ишеним көргөзүү маселеси парламентте колго салынмакчы.
Киев өткөн октябрдан бери Эл аралык валюта кору, Европа биримдиги жана АКШ убада кылган 40 миллиард долларлык пакеттин траншын күтүүдө. Бирок кредит өлкөдө экономикалык өнүгүү жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатында реформалар жүргүзүлгөндө гана берилмекчи.
- Эл аралык валюта кору саясий түзүм эмес, бирок алар аткаруу бийлигинде айкындыкты жана өкмөт буга чейин алынган милдеттенмелерди аткарат деген кепилдиктерди каалашат, - деди министр Яреско.