Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

АКШ Зика вирусун алдын алуу чараларын күчөтөт


8-февралда АКШнын Илдеттерди көзөмөлдөө борбору чиркейлер сезону башталган жай айларында Зика вирусунун жайылышын алдын алуу максатында жер-жерлердеги бөлүмдөрүн чукул даярдыкка келтирди.

Саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилиги кышкысын чиркейлер көбөйгөн Латын Америкасында вирус тездик менен тарап жатканын белгилешүүдө. Ошол эле күнү Ак үй ооруга каршы чара көрүү үчүн Конгресстен 1,8 миллиард доллар сурарын билдирди.

Ал каражат вирусту тез аныктап диагноз коюу, ага каршы вакцина иштеп чыгуу, Зика каптаган өлкөлөргө илдеттин жайылышын алдын алууга жардам берүү жана башка иштерге жумшалмакчы.

Президент Барак Обама вирус элди дүрбөлөңгө салбашы керек деди.

"Жакшы жери Зика Эболадай эмес, адам өлүмүнө алып келбейт. Вирусту жуктуруп алган кишилердин көбү аны билбей да калышат экен", - деди президент CBS каналындагы маегинде.

Обама Зика менен микроцефалия же мээинин өспөй калышы ортосундагы байланыш бар экени шектелип жатканы, бирок далилдене электигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG