Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Нью-Гемпшир штатында праймеризде Дональд Трамп жеңишке жетишти


Президенттикке талапкер Дональд Трамп.
Президенттикке талапкер Дональд Трамп.

Бул штатта 9-февралда өткөрүлгөн праймеризде Республика партиясынын талапкерлеринин ичинен миллиардер Дональд Трамп, ал эми демократтардан Берни Сандерс алдыга чыгышты. Биринчи жыйынтыктар боюнча Трамп 34% добуш алып, 8-ноябрдагы шайлоодо республикачылардын талапкери болуу мүмкүнчүлүгүн бекемдеди.

Демократиялык партиянын талапкери Берни Сандерс 58% добуш топтоп, партия көсөмдөрү таптаган талапкер Хилари Клинтонду артка калтырды. 40% добуш алган Клинтон Нью-Гемпширде жеңилгенин мойнуна алып, бирок Түштүк Каролина жана Невада сыяктуу штаттарда башкача натыйжа болорун билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG